Россиядан которулган акчаны жалпы жарандык паспорт менен алса болобу?
2019.10.04, 09:26
1613
Саламатсызбы! Досторум мага Россиядан акча которушту эле. Паспортумду жоготуп жибердим. Акчаны жалпы жарандык паспорт менен алаламбы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
04.10.2019, 09:33
Гүлназ Ашыралиева
"Бай Түшүм" Банкынын кардарларды тейлөө бөлүмүнүн башчысы
Саламатсызбы! Чет мамлекеттен которгон акчаны жалпы жарандык паспорт менен алалбайсыз. Кыргызстандын аймагында бул жалпы жарандык паспорттун юридикалык статусу жок.
Паспортуңузду жоготуп алсаңыз, досторуңуз менен байланышып, акчаны алып, кайра паспорту бар жакындарыңыздын атына которуусун айтыңыз.
Которулган акча банкта 30 күн сакталат. Эгер эч ким келип алып кетпесе, кайра артка жөнөтүлөт.
Ишиңизге ийгилик!
0
Пайдалуу жооп