Кредитти убагында төлөбөй жүрүп КИБке түшүп калдым. Эмне кылсам болот?
2019.10.03, 12:24
1673
Саламатсызбы! Мен кредит алып, айлыгым кеч тийгенине байланыштуу, көп ирет убагында төлөгөн жокмун. Эми насыя алалбай жатам, КИБке түшүп калыпмын. Кантип жойсом болот же канча жылда бир жоюлат?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
03.10.2019, 12:24
Гүлдана Боромбаева
"Бай Түшүм" Банкынын универсалдуу башкы адиси
Саламатсызбы! Кредиттик маалымат бюросуна (КИБ) түшкөн кредиттик таржымалды өзгөртүү мүмкүн эмес, ошол бойдон калат. Ар бир банктын насыя берүү шарты ар кандай. Мисалы, "Бай Түшүм" Банкы насыя алууну каалаган кардардын акыркы эки жыл ичиндеги кредиттик таржымалын карайт.
0
Пайдалуу жооп