Күйөөм, ажырашсак баланы тартып алам деп айтат. Эмне кылсам болот?
Саламатсызбы. Жолдошум менен жашаганыбызга бир жарым жыл болду. Ортобузда бир балабыз бар. Ажырашсак, баланы тартып алам, деп айтат.
Ортобузда ЗАГС жок, бала менин атыма жазылган. Жолдошумдун үйү, машинасы жок.
Эмне кылышым керек?
Ширин Алмазова
“Линия защиты” коомунун адиси, адвокат
Саламатчылык. Эгер күйөөңүз баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө атасы катары жазылбаса, демек сизден баланы тартып ала албайт. Себеби мыйзамдын алкагында ал бала үчүн эч ким эмес.
Баланы алуу үчүн алгач анын атасы экенин тастыктоо керек. Аталыгын тастыктоого сиз каршы болсоңуз, ал сотко кайрылат.
Балдарына карата эки ата-эненин тен укугу жана милдеттери бирдей. Алар бирдей өлчөмдо анын тарбия алуусуна жана өнүгүүсүно катышышат. Бирок копчүлук учурда сот, баланын кызыкчылыгын көздөп, эне тарапка чечет.
Ийгилик.