21 жаштамын, бирок 16-17 жаштагы балдардай көрүнөм. Эмне кылсам болот?
2019.10.02, 10:43
1332
Саламатсызбы! 21 жаштамын, бирок 16-17 жаштагы балдардай көрүнөм. Боюм 1.66, сөөктөрүм дагы кичинекей. Эмне кылсам болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
02.10.2019, 11:04
Асель Сыдыкбекова
Терапевт
Саламатсызбы!
Сизге кандайдыр бир гормондор жетишсиз. Кальций, фосфор жана башка минералдарды да текшериш керек. Ошондой эле соматотроп гормонун текшертүүнү сунуш кылам.
Бул гормон адамдын боюнун өсүүсүн көзөмөлдөйт. Эгер адамда бул гормон аз болсо адамдын өсүүсү жайлайт.
Ошондуктан, эндокринолого кайрылып, гормондорду текшертүүнү сунуштайм. Эгер сиздин айылда бул адис жок болсо, терапевт же үй-бүлөлүк дарыгерге деле кайрыла бериңиз.
Мындан сырткары физкультура менен алектениңиз, туура тамактаныңыз, күнгө чыгыңыз.
Ден соолук каалайм!
0
Пайдалуу жооп