Киндиктен ириң акса эмне болот? Хирург жооп берет
2019.10.02, 10:17
5626
Киндиктен ириң акса эмне болот? Кененирээк маалымат бересизби?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
02.10.2019, 10:18
Бакыт Токтогазиев
Хирург
Саламатсызбы!
Киндиктен ириң акса, анын бир нече себеби бар.
Биринчиси. Киндик менен табарсыкта урахус деген түтүк бар. Ошол түтүк жабылбай калса табарсыктан сийдик келип ириң чыгышы мүмкүн.
Экинчиси. Иче-карындар менен байланышы мүмкүн.
Үчүнчүсү. Киндик жакшы тазаланбай калып, бир нерсе тыгылып калышы мүмкүн.
Тактоо үчүн адиске кайрылып, текшерүүдөн өтүү керек.
Эртерээк даыргерге кайрылбасаңыз, ириң чогула берип ириң баштыкчасы толуп калат (абсцесс). Ал жарылып ички органдарга кирип кетсе, перитонит болуп олуттуу көйгөйлөр жаралышы ыктымал.
Ден соолукта болуңуз!
0
Пайдалуу жооп