Менин 3 балам бар. Вазектомия жасатып салсам болобу? Уролог жооп берет
2019.10.02, 09:35
1517
Саламатсызбы. Менин 3 балам бар. Жашым 37де. Вазектомия жасатып салсам болобу? Жубайым деле макул. Кайсы жерге кайрылышым керек? Баасы канча?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
02.10.2019, 09:37
Азат Бейшенов
“Medcenter.kg” медицина борборунун адиси, уролог
Вазектомия – бул хирургиялык операция, анда эркектин уругу чыга турган түтүкчөнүн бир бөлүгү кесилет. Бул операция эркектин стерилдүү болушуна алып келет, башкача айтканда балалуу боло албайт. Бирок жыныстык функциялар, жана оргазм сакталат.
Вазектомия операциясын жасатуу үчүн эч кандай медициналык көрсөтмө жок. Мындай чечимди бейтап, жубайы менен биргеликте чечет.
“Medcenter.kg” медицина борборунда операциянын баасы – 12 000 сом.
0312 303 553
0552 303 553
0704 303 553
0
Пайдалуу жооп