Бизге айтпай 4000 сом айып салып кетишти. Төлөшүм керекпи?
2019.10.01, 14:14
1092
Саламатсызбы! Бизге “водоканалдан” кишилер келип эшиктен агып жаткан сууну бекитип, пломбу салып кетиптир. Крандын бурагычы сынып калыптыр эле, алмаштырганга жетишпей калдык. Эч кимден сурабай эле 4000 сом айып салып койду. Эми кандай болот? Туурабы? Төлөш керекпи?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
01.10.2019, 14:16
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман, 4000 сом деген айып жок. Эгерде сизге ошондой айып салган болсо, анда сизге бул айып жөнүндө протокол түзүп берүүсү керек эле.
Редакцияга протоколду сүрөткө тартып жиберсеңиз, протокол боюнча сизди кандай мыйзам бузуу боюнча айыптап жаткандыгын жана сиздин укуктарыңызды түшүндүрүп беребиз.
0
Пайдалуу жооп