Атамдын үйүнө каттоого турдум. Үйдүн бир бөлүгүн ала аламбы?
2019.09.30, 14:29
652
Ата-энем мен кичинекей кезде ажырашып кеткен. Ортолорунда ЖААК жок. 17 жашка чыкканча апам чоңойткон, атам каралашкан эмес. Алимент алса болобу?
Жакында эле паспорт алаарда атамдын үйүнө каттоого турдум, үйүнүн бир бөлүгү мага калабы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
30.09.2019, 14:30
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Саламатсызбы!
Урматтуу окурман, мыйзам боюнча алимент сотко кайрылган күндөн тартып бала бойго жеткенге чейин өдүрүлөт, т.а. 18 жашка толгонго чейин. Бир бала үчүн карызкордун тапкан акчасынан же дагы башка кирешесинен төрттөн бир өлчөмүндөгү алимент өндүрүлөт.
Ал эми үйдүн бир бөлүгүн алуу маселеси бул атаңыздын калоосу менен чечилет. Бирок сиз атаңыздын биринчи кезектеги мураскору болуп эсептелесиз.
0
Пайдалуу жооп