Баламды бакканга шартым жок. Эмне кылсам болот?
Күйөөм менен ажырашкам? Балам бир жашта, ата-энем жок. Баламды бир туугандарыма таштап иштеп келейин десем, алар өздөрүнүн жашоосу менен убара. Баламды алып Москвадагы эжемкине барайын десем, күйөөм ишеним кат жазып бербей жатат. Эмне кылсам болот? Бул жактан бакканга шартым жок.
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
КРнын Үй-бүлө кодексинде ата-эне балага бирдей укукта деп көрсөтүлгөн.
Бирок, ата-эненин бирөөсү балага карата милдетин аткарбай жатса, ата-энелик укуктан ажыратууга арыз менен кайрылса болот.
Эгер ал сизге ишеним кат берүүдөн баш тартып, ошол эле учурда өз милдетин аткарбай жатса, сотко аталык укуктан ажыратуу же жашоо ордун белгилеп берүү боюнча арыз менен кайрылсаңыз болот.
Мыйзам боюнча атасынын деле баласын сыртка чыгарууга уруксат бербей койгонго укугу бар. Бирок ата өзүнүн милдетин аткарбай туруп, чектөө киргизгени туура эмес.
Мүмкүн алимент өндүрүү жолун карап көрөсүз.