Күйөөм азербайжан, балдарыма кыргыз жарандыгын алып бере аламбы?
Өзүм кыргыз жаранымын, он беш жылдан бери Москва шаарында турам. Азербайжан улутундагы жигитке турмушка чыккам. Эки кыз, бир уулубуз бар. ЖААКты жакында эле алдык. Балдарыбызга бул жактан туулгандыгы тууралуу күбөлүк алынган. Балдарга атасынын фамилиясын алган. Балдарыма өзүбүздүн элчилик аркылуу кыргыз паспортун ала алабызбы?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Өзүңүз кыргыз жараны болсоңуз, бирок башка өлкөдөн көз жарып, балаңызга ошол жактын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү берилген болсо деле, сиз кыргыз жараны болгонго байланыштуу балдарыңыз кыргыз жарандыгын ала алат.
Бирок атасы башка өлкөнүн жараны болгондуктан, балдарынын кыргыз жарандуулугун алуусуна уруксат бериши керек болот.