Машинамдын техпаспортун жоготуп алдым. Эмне кылам?
Машинамды алганда техпаспорту эле бар болчу. Ишеним катты жаздырайын десем ээси бошобой калган. Кийин жаздырып бермек, бирок ал баланы таппай калдым. Анан техпаспортту жоготуп алып, техпаспорттогу баланы соц тармактар аркылуу таап жазсам, сага саткан эмесмин, машинаны ким сатса ошого жаздырып ал деп жатат. Эмне кылсам болот? Чыгымдардын баарын төлөйм десем да болбой жатат.
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Окурман, машинаны кимден алсаңыз ошол адамды табшыңыз керек. Антпесе болбойт.
Эгер берки машинаны саткан адамды такыр эле таппасаңыз, ээсине айдап барып, эч кандай кылмыш же жана башка мыйзам бузуу кылбаганыңызды айтып, далилдеп берип көрүңүз. Түшүндүрүп, сүйлөшүү жолу менен чечкенге аракет жасаңыз.
Бизде табылгалар бюросу бар, ошол жака дагы кайрылып көрүңүз. Балким жоголгон техпаспортту таап алган адам ошол жака таштап коюшу мүмкүн.
Ийгилик!