// //

Курбум кайын агасына каттатып койгон үйүн алалабы?

2019.09.27, 10:01
933

Менин жакын курбум бар, жолдошу мамлекеттик кызматта иштейт. Мамлекеттен аларга үй берилмек болот. Ал үйдү алыш үчүн жолдошу экөөнүн үйү, жери, машинасы жок деген маалымкат талап кылынат. Ошол учурда курбум күйөөсү экөө жаңы эле сатып алган үйүн кайын агасына каттатып коюшат. Азыр мамлекет тарабынан берилген үйдө жашашат. Ал үйү менчикке өтө элек. Күйөөсү экөө көп урушат. Кайын агасынын наамындагы үйүнүн документи курбумдун колунда. Жолдошу менен ажыраша турган болсо, сатып алган үйү алардыкы экенин тастыктай алабы? 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
27.09.2019, 10:03

Нурислам Раимжанов

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи

Курбуңуз үйдү жолдошу экөө алып жаткандан кийин, ал жубайлардын ортосундагы чогуу тапкан жалпы мүлк болуп эсептелиниши керек эле. Бирок, алар кайын агасынын атына каттатып койгон экен. Эми үй анын жеке мүлкү, курбуңуз жолдошу менен ажырашкан күндө деле, ал мүлктү жубайлардын ортосунда бөлүштүрүү маселеси каралбайт. Үйдү кайра өз атына алып, кайын агасыныкы эмес экенин далилдөө өтө кыйын жана узак процесс. Баарыңарга айтаарым, ушундай кырдаалга кабылып калбаш үчүн, өз мүлкүңөрдү өз атыңарга каттатып жүргүлө!

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт