// //

Мен кызмын, айызым келгенде тампон колдонсом болобу? Гинеколог жооп берет

2019.09.25, 14:06
4199

 

Саламатсызбы. Мен кызмын, жашым 17де. Спорт менен машыгам. Сурайын дегеним, тампон менен колдонсом кыздыгыма доо кетпейби?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
25.09.2019, 14:09

Нургазы Джанузаков

Medcenter.kg медицина борборунун адиси, гинеколог

Жок, тампон менен колдонууга болбойт. “Прокладка” менен гана колдонуңуз.

Этек кири келген учурда кыздык белги чоюлчаак жана ийкемдүү болуп калат, ошондуктан тампон колдонсо болот, деген жаңылыш пикир бар. Бирок тампонду салып жатканда кыздыкка доо кетери турган иш.

Мисалы, биз өспүрүм кыздардын сезгенүү процессин дарылайбыз. Андайда бейтаптын жыныс кынына атайын “свечалар” салынат. Ал процедураны орто медициналык персоналга жасоого уруксат берилбейт, себеби кыздык белгиге доо келтирүү коркунучу жогору. Процедура операцияга тете. Ошондуктан доктур өзү жасайт.

Колдон келсе, жыныстык жашоо менен жашай элек болсоңуз, тампон менен колдонбой эле койгон оң.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт