Кайын агам үйүмдөн кууп чыкты. Эмне кылсам болот?
2019.09.25, 13:15
1057
Саламатсызбы! Менин күйөм каза болуп калды. Үйүбүз менин атымда болгону менен кайын агам кууп чыкты. Башка документ жасап, тартып алса эмне кылам?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
25.09.2019, 13:16
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Саламатсызбы! Үй сиздин атыңызда болсо, документтерди көрсөтүп, кайын агаңыздын кууп чыкканы боюнча милицияга арыз жазыңыз. Эгер ал такыр чыкпай койсо, сотко кайрылууңуз керек болот. Документтерди жасатып ала турчу болсо, кылмыш жасаган болуп эсептелет. Кайын агаңыз, ага кошулуп жасалма документ жасап берген адамдардын баары жоопкерчиликке тартылат. Өз укугуңузду коргоңуз!
0
Пайдалуу жооп