Жолдошум Москвада, балама күбөлүктү кантип алам?
2019.09.23, 14:21
1084
Жолдошум экөөбүздүн ортобузда ЗАГС жок. Мурунку эки балабызга тең экөөбүз бирге барып, күбөлүктөрүн алганбыз. Үчүнчү балабыз 27-августта төрөлдү. Жолдошум Москвада. Эми кантип күбөлүк алсам болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
23.09.2019, 14:22
Бакай Алишеров
КР Мамлекеттик каттоо кызматынын пресс-катчысы
Эгер жолдошуңуз алыс болсо, баланы убактылуу өзүңүздүн фамилияңызга жаздыра туруңуз. Баланын атасы Кыргызстанга келгенде, бирге ЗАГСка барып, аталыгын мойнуна алуу боюнча арыз жазат. Арыздын негизинде күбөлүктү алмаштырып аласыз. Бул акысыз кызмат. Болгону бланк үчүн 200 сом төлөнөт.
Ийгилик!
0
Пайдалуу жооп