Бөйрөгүмдөгү ташты операция менен алдырсамбы же аппарат менен талкалатсамбы?
Саламатсызбы! Бөйрөгүмдө таш бар экен. Операция жолу менен алдырган туурабы же талкалаганбы?
Жуман Мырзалиев
Улуттук госпиталдын Урология илимий борборунун заара таштары оорусу бөлүмүнүн башчысы
Урматтуу окурман! Заара таштар оорусу - бул өтө татаал, көп себептүү жана өзүнчө ыкма менен дарылоону талап кылган оору. Негизинен организмдеги зат алмашуунун бузулушунан келип чыгат. Бөйрөктөгү таштардын түрлөрү көп. Мисалы, фосфаттык, оксалаттык ж.б. Бири-биринен өңүнөн, формасынан, катуулугунан айырмаланат. Ар бирөөнүн өзүнө мүнөздүү клиникалык белгилери да бар. Так аныктагандан кийин гана дарылоо жолдору белгиленет. Таштын көлөмүнө, санына, жайгашкан жерине жараша дары – дармек жазылабы, операция жасалабы же аппарт менен талкалап түшүрүлөбү, айтоор, бир ыкма тандалып алынат. Андыктан, сизди текшербей туруп талкалаган же операция кылган жакшы деп алдын ала айтуу мүмкүн эмес жана эч бир дарыгер айтпайт.