// //

ТЕСТ: Бул суроого жооп берсеңиз, кандай адам экениңиз билинет

2019.09.19, 15:54
20867

Бул абдан кызыктуу психологиялык тест. Эң негизгиси, ойлонбостон дароо жооп берүү керек. 

Тесттин жоопторун жазуу үчүн кагаз алыңыз, алдын ала жообун караганга аракет кылбаңыз, болбосо тест өтүүнүн кызыгы жок болуп калат. Фантазияңызды иштетиңиз, акылыңызга эмне келсе, дароо жооп бериңиз. Кеттик анда!

  1. Чөлдүү аймакта кетип баратканыңызды элестетиңиз. Көпкө чейин басып баратасыз. Капыстан сууну көрдүңүз. Ал эмне (булак, кудук, көлмө, деңиз ж.б)? Эмнени көрүп жатасыз сүрөттөп бериңиз. Сиздин аракетиңиз.
  2. Андан ары жолуңузду уладыңыз. Капыстан жерде жаткан ачкычты көрүп калдыңыз. Аны аласызбы?
  3. Жолдо баратып хан сарайга туш болдуңуз. Столдун үстүндө даамдуу тамактар, сандыкта зер буюмдар ашып-ташып турат, бирок айланада бир да тирүү жан жок. Сиздин аракетиңиз.
  4. Сапарыңызды андан ары уладыңыз. Алдыда токой. Аны сүрөттөп бериңиз: дарактар кандай, ичи жарыкпы же караңгыбы, козу карын жана мөмөлөр барбы?
  5. Ал токойдо кандай жаныбарлар жашайт?
  6. Токой аралап баратып абдан чарчадыңыз. Кокустан, дарактын дүмүрүнө бирөө тамагын унутуп кетип калганын көрдүңүз. Ал эмне жана көрүнүшү кандай экенин сүрөттөп бериңиз.
  7. Күтүлбөгөн жерден алдыңыздан аюу чыкты. Ал кандай аюу? Сүрөттөңүз. Ортоңордо эмне болот?
  8. Ошентип коркунучтан кутулуп, жолуңузду уладыңыз. Токойдун четинен үйдү көрдүңүз. Майда-чүйдөсүнө чейин сүрөттөп бериңиз.
  9. Үйдүн жанында ат байланып турат. Ал кандай ат? Аны эмне кыласыз?
  10. Андан ары кетип баратып аттап өтөйүн десеңиз бийик, аягы көрүнбөгөн дубалга келип такалдыңыз. Бул көйгөйдү кантип чечесиз?
  11. Деңизге келип ак чардакты көрдүңүз. Аны сүрөттөп бериңиз.

Эми жыйынтыгын көрөлү:

  1. Суу – сиздин аң-сезимиңиздеги сүйүү болуп саналат. Кимдир бирөө үчүн ал деңиз сымал чексиз, тунук, кимдир бирөө үчүн көлмө сыяктуу кир. Сууга колуңузду эле тийгизип койсоңуз, демек, бардык нерседе чекти билүү керек деп ойлойсуз. Сууга толугу менен чумкусаңыз, сүйүүгө да баш отуңуз менен киресиз.
  2. Ачкыч – бул сиздин мүмкүнчүлүк. Алсаңыз, - жашооңузду өзгөртүү үчүн бар болгон мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга даярсыз. Таштап кетсеңиз – агым менен агууну туура көрөсүз. Алып, кармалап көрүп, жарабайт экен десеңиз – жашооңузга келген мүмкүнчүлүктү жөн гана байкабастан жоготуп аласыз.
  3. Хан сарай – сиздин байлыкка болгон мамилеңиз. Болушунча ал жерде сайрандап, калып калууну да ойлонсоңуз, демек, материалдык жыргалчылык сиз үчүн эң негизги орунда турат. Болушунча көп зер буюмду алып кетүүгө аракет кылсаңыз, өз максатыңызга жетүү үчүн, бирөөнүн керт башын аттап кетүүгө даярсыз. Эгер сиз хан сарайга кирүүнү каалабасаңыз, көчөдө эле уктаган жакшыраак деп чечсеңиз, бактылуу жана тынч жашоодон, көрө албастыктан коркосуз, эртеңки күнүңүзгө ишенбейсиз.
  4. Токой – бул сиздин башыңыздагы ойлор. Ак кайыңдуу жарык токой – таза, жашоону жашкы көргөн, жаркыраган адамсыз. Караңгы, чытырман токой – комплекстериңиз жана коркууларыңыз көп. Козу карындар менен мөмөлөр абдан көп болсо, анда сиз бардык нерсенин жакшы тарабын көрүүгө аракет кыласыз.
  5. Токойдогу жаныбарлар – алар досторуңуз жана сизди курчап турган адамдар. Коен, кирпи, тыйын чычкан сыяктуу жаныбарлар – адамдарды жакшы көрөрүңүздү, диалог түзүүдөн коркпой турганыңызды билдирет. Жырткычтарга толо токой болсо, адамдардан коркосуз жана аларга ишенбейсиз.
  6. Дүмүрдөгү тамак – тамакка болгон мамилеңиз. Таза кол аарчыда, кумурадагы сүт, бир кесим нан, токочтордун иреттүү турганын көрсөңүз, анда тыкан адамсыз. Эгер дүмүрдүн үстүндө эле нан турса, эмне жеп жатканыңыз, тазалык сиз үчүн маанилүү эмес. Бул шектүү тамактарды жегиңиз келбесе, демек, жийиркенчексиз.
  7. Аюу – бул коркунучту кантип кабылдай турганыңызды билдирет. Аны менен күрөөшүүнү чечсеңиз – эр жүрөксүз. Өлүмүш болуп же даракка чыгып кутулууну туура көрсөңүз – коркунуч келгенде күтүп туруш керек деп ойлойсуз. Кичинекей мамалакты көрсөңүз – коркунучту жакшы баалабайсыз, себеби мамалак апасыз жүрбөйт.
  8. Үй – бул сиздин үйүңүз. Моордон түтүн чыгып, кимдир бирөө тамак жасап жатса, үй-бүлөңүз сизди жакшы көрөрүн сезесиз же ал жөнүндө көп кыялданасыз. Терезе, эшиктери көп болсо, жүрөгүңүз досторуңуз үчүн ачык. Баары бек болсо, жан дүйнөңүздү бирөөлөргө ача бергенди жактырбайсыз.
  9. Ат – өмүрлүк өнөктөшүңүз. Тынч жана боорукер ат – ишенимдүү жана чыныгы өнөктөш. Жөн тура албаган ат – туура эмес өнөктөштөрдү тандайсыз. Ат туткактанып кетсе, бирок сыласаңыз унчукпай, минүүгө уруксат берсе – кыялкечсиз, адамды түп тамыры менен өзгөртүү мүмкүн эмес дегенге ишенесиз. Атка минбей эле, жөн гана жетелөөнү туура көрсөңүз – мамиледе өзүңүздүн укуктарыңыз тууралуу айтуудан коркосуз. Атка мине албай турганыңызды айта албасаңыз – өз күчүңүзгө ишенбейсиз. Атты жөн гана кое берип жиберсеңиз, олуттуу мамиле түзүүдөн коркосуз.
  10. Дубал – бул жеңүүгө мүмкүн болбогондой көрүнгөн тоскоолдук. Эртели-кеч аягына жетем деп, дубалды айланууну чечсеңиз – бакыт үчүн күрөшпөгөн, кыйынчылыкта артка чегинген адамсыз. Түбүн казып, дубалдын алсыз жерин тапсаңыз – көздөгөн максатыңызга жетесиз. Ат менен аттап кетсеңиз – сиздин көйгөйлөрүңүздү жубайыңыз чечет. Колуңузда сыйкырдуу таякча же ушул сыяктуу бир нерсе болуп калса – анда көйгөй пайда болгондо, баары өзү эле чечилип калат деп үмүттөнөсүз.
  11. Ак чардак – бул өзүңүздү өзүңүз кандай көрөсүз.

Кызыктуу бекен? жакындарга сунуштаганды унутпаңыз. 

Бул 3 суроого жооп берсеңиз, кандай адам экениңиз билинет

ТЕСТ: Англисче билесизби же жокпу текшерип көрүңүз

ТЕСТ: Калкы эң көп деп саналган мамлекетти атаңыз

Джек менен Роза кайдан таанышат? "Титаник" тасмасы боюнча тесттен өтүңүз

Комуз эмнелерден турат? Тесттен өтүңүз

"Фиолетовый" кыргызча кантип аталат? Түстөр боюнча тесттен өтүңүз

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт