Баланы жатып алып эмизсе зыян эмеспи? Педиатр жооп берет
2019.09.19, 10:58
1705
Саламатсызбы. Баланы жатып алып эмизсе зыян эмеспи?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
19.09.2019, 10:59
Эдиль Садыков
Педиатр
Саламатчылык. Жок зыян эмес. Бирок эмизүүдө бир нече шарттарга көңүл бөлүү керек.
Бала эмип жатканда:
- оозу чоң ачылып турат;
- үстүңкү эриндеринен эненин үрпүнүн тегерегиндеги кара бөлүгү көрүнүп турат;
- астыңкы эрини сыртына кайрылып турат;
- баланын ээги эненин эмчегине тийип турат.
Эмизгенде баланы ыңгайлуу кармоо зарыл. Ал үчүн:
- баланын башы менен денеси бир “линияда” болушу керек;
- эне баласын өз денесине жакын кармашы керек;
- эне баланын тулку боюн толугу менен кармашы керек;
Бала туура эмип жаткандыгынын белгилери:
- бала жай, көп-көптөн эмет, ортолорунда тыныгуу алат;
- баланын беттери тоголок болуп турат;
- баланын сүттү жутуп жатканы угулат;
- бала тойгондо өзү эмчекти кое берет.
0
Пайдалуу жооп