Балдарымдын ОМСин жоготуп алдым. Кайдан алсам болот?
2019.09.18, 16:21
1980
Саламатсызбы! Мен балдарымды каттоого тургузайын десем, ОМС жок албайт экен. Экөөнүн тең ОМСин таппай жатам. Биз айылдан алган болчубуз. Учурда Бишкектебиз. Балдарыма ОМС кайдан алсам болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
18.09.2019, 16:23
Базарбаева Болотайым
КРнын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун адиси
ММК Полисин (ОМС) жоготуп алган учурда үй-бүлөлүк дарыгерге же ММК фондунун аймактык башкармалыгына арыз менен кайрыласыз. ММК Полисинин жуп нускасын алуу үчүн ММК фондунун аймактык башкармалыгынын кассасына 18 сом төлөйсүз. ММК фондунун ыкчам байланыш номуру - 113 (чалуу акысыз). Бишкек шаарындагы дарегибиз:Чүй проспекти, 122а, 1 кабат. Телефонубуз: +996 (312) 66‒35‒51.
0
Пайдалуу жооп