29 жумалык кезинде төрөсө болобу? Гинеколог жооп берет
Саламатсызбы. 29 жумалык кезинде төрөсө болобу? Бала жашап кетеби? Өзүм аябай кыйналып кеттим. Дагы эки ай кантип чыдайм деп жүрөм. Ичим да ылдый
Светлана Коздрович
Гинеколог-эндокринолог
Саламатчылык. 29 жума бул өтө эрте, колдон келсе азыр төрөбөй турган жакшы. Заманбап медицинанын жана неонатологдордун 22 жумалык ымыркайларды деле төрөтүп алып, аларды чоңойтуп, торолтууга дарамети жетет. Бирок бала өз маалында төрөлсо анын өмүрүнө жана ден соолугуна тие турган коркунучтар азыраак болот. Жашап кете турган мүмкүнчүлүгү жогору.
Толук ай-күнүнө жетип төрөлдү деп 38-40 жумада төрөлгөн наристелерди айта алабыз.
Жатындын жайгашуусу бойго көтөрүүнүн негизги көрсөткүчү эмес. Башкысы жатын моюнчасынын абалы. Дарыгерлер анын өтө кыска эмеспи жана ачылуусу баштала элекпи, жыйрылган жокпу текшеришет.
Ичтин ылдый болушуна бандаж тагынуу гана жардам берет. Бандаж:
- белге, жамбаш сөөккө жана бутка салмакты бирдей бөлүштүрөт;
- теринин кескин чоюлуп кетишин алдын алат;
- ичти бир аз өйдө көтөргөндүктөн ымыркайды кан жана кычкылтек менен камсыздалышын жакшыртат.
Аман-эсен көз жарып алыңыз!