Какачтан кантип арылам? Трихолог жооп берет
Башымдагы какач кетпей жатат. Бардык шампунь менен жууп көрдүм. Жууганда чачым кургаары менен какач болот. Башым кычышпайт деле. Эмне кылсам болот?
Надира Бейшеева
Трихолог
Урматтуу айым, какач - витамин жетпегенден, ичеги-карын, нерв системасынын иши начарлоодон, чачты жакшы күтпөгөндөн улам келип чыгат.
Май аз бөлүнүп чыгып, башты кычыштырат жана чач кургап, кырчылып түшө баштайт. Баштагы майдын көп бөлүнүүсүнөн пайда болгон какач майланышып, саргыч тартып, чач тез кирдейт.
Какачы бар адамдарга дарыгердин көрсөтмөсү менен витаминге бай тамак-аш, жакшы уктап, маал-маалы менен эс алуу сунушталат. Какачтын өтө көбөйүшү, баштын терисинин сезгениши, чачтын кырчылып түшүшү айрым оорулардын (микроспория, псориаз, экзема, грибок) белгиси болушу мүмкүн.
Менимче сиздики грибок. Дерматологго кайрылууну сунуштайм.