Атамдын эжеси сиңдим экөөбүздүн үйдү бербей жатат. Эмне кылсак болот?
Саламатсызбы! Мындан беш жыл мурун атам каза болгон. Атамдан калган эки кызбыз. Үйдүн улуусу мен болгондуктан, атамдын үйү мага жана сиңдиме мурас катары калган. Кызыл китеп, техникалык паспорттун баары биздин атыбызда, бирок ал документтерди атамдын эжеси бизди жаш деп бербей жатат. Үйдө атамдын карындашы жашайт, биз шаарда батирде турабыз. Кимге кайрылсак болот? Өзүм 23төмүн. Апамдын өзүнүн турмушу бар. Сиңдим 16 жашка толду. Паспорт алганга атамдын кара кагазы керек экен, аны да бербей жатышат. Сурасам жок бере албайбыз деп коюшту. Буларга кандай чара көрсөк болот?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Саламатсызбы! Атаңыздан калган үй силердин атыңарда болсо, ал үйдү жана документтерин колуңарга алууга толук укугуңар бар. Алгач сүйлөшүү жолу менен чечкенге аракет жасап көрүңүз, болбосо кара кагаздын (кайсы жерден берилсе) жана үйдүн документтеринин дубликатын жасатып алсаңыз болот. Ошондой эле үйдү бербей жатканы боюнча, укук коргоо органдарына арыз жазыңыз.