Студенттер үчүн бекер банктык карта барбы?
2019.09.13, 11:49
1128
Студентмин, жакында 18ге чыгам, паспортум бар. Ата-энем Москвада. Атам өзүнүн банктык картасынан мага акча которуп койгонго, мен үчүн ыңгайлуу бекер банктык карта барбы? Кантип алсам болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
13.09.2019, 11:54
Марс Черикчиев
"Бай Түшүм" Банкынын маркетинг бөлүмүнүн адиси
Саламатсызбы! Сизге «Бай-Түшүм» банкынан VISA Classic картасын сунуштай алабыз. VISA Classic абдан ыңгайлуу, бекер берилет. Алуу үчүн 0 777 905 805 Whatsapp номери менен байланышка чыгыңыз же "Бай Түшүм" Банкынын каалаган кеңсесине келиңиз. Жаныңызга өздүгүңүздү тастыктаган документти алууну унутпаңыз. Сизге ийгилик каалайбыз!
0
Пайдалуу жооп