Бюджетте окуган студенттер башка университетке которула алабы?
2019.09.12, 15:29
1270
Саламатсызбы! Мен 1-курсмун, бюджетте окуйм. Сурайын дегеним, бюджеттен башка университетке бюджетке которулсам болобу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
12.09.2019, 15:46
КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы
Саламатсызбы! Эгерде башка университетте окуп жаткан адистигиңиз боюнча бюджеттик орун бар болсо, анда которулсаңыз болот. Бул үчүн сиз окуу жайыңыздын ректоратына кайрылып орун барбы же жокпу билсеңиз болот. Өзүңүз деле которулууну каалаган университет менен байланышып сурап көрүңүз. Окууңузга ийгилик!
0
Пайдалуу жооп