// //

Телефонумду уурдатып жибердим. Кантип тапсам болот?

2019.09.12, 09:13
1348

Студентмин. Кечээ элдин арасынан уурулар байкатпай телефонумду уурдап кетишти. Милицияга арыз жаздым, бирок жардам бере албачудай. Телефонума чалсам өчүк экен, мындай учурда табыш кыйын деп коюшту. Издеп табуунун кандайдыр бир жолдору барбы?

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
12.09.2019, 09:13

Нурислам Раимжанов

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи

Саламатсызбы! Телефонуңуз жоголгону боюнча укук коргоо органдарына арыз берген болсоңуз, аны издеп табуу маселесин алар жүргүзүшөт. Телефон кайсы SIM картада колдонулуп жатат аныктап, коробкасында жазылган коддор аркылуу ыкчам иликтөө жасашат. Бул иш-аракеттердин негизинде телефонуңузду ким, кайсы жерде колдонуп жатканын байкаса болот. Ошонун негизинде кылмышкердин изине түшүшөт деп ойлойм. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт