Кошунам зымдарды ылдый кылып үйүнө свет тартып алды. Эмне кылсам болот?
2019.09.11, 14:16
986
Саламатсызбы! Менин кошунам үйүнө свет тартып алган, зымдар жерден бир метр эле өйдө турат. Үзүлүп кетсе, бизге зыяны тиет десем албай жатат. Кандай чара колдонсом болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
11.09.2019, 14:17
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Саламатсызбы! Сиз электр энергиясын сатуу ишканасына барып, болгон окуя боюнча арыз таштаңыз. Эгер алар эч кандай чара көрбөсө, жашаган жериңиз боюнча КРнын өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын аймактык бөлүмдөрүнө кайрылыңыз. Алар сиздин маселени карап, чечип берүүгө укуктуу.
0
Пайдалуу жооп