Алимент төлөгөн адам кийим да алып бериш керекпи?
Саламатсызбы! Бул менин экинчи турмушум. Ортобузда 2 кызыбыз бар, 4 жаш жана 4 айлык. Жолдошумдун мурунку никесинен үч баласы бар, аларга алимент төлөйбүз. Биринчи аялы окуу жылына карата "кийимдерин баарын алып бересиң" деп жатат. Шарты жок болсо да, алимент төлөгөн адам алып бериш керекпи?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Саламатсызбы! Эгер алимент төлөп жаткан болсо, андан бөлөк жардам көрсөтүү ошол адамдын жеке ыктыярыны жараша берилет. Алименттен башка дагы кийим алып берүү сыяктуу иштерди жасаганга мажбур эмес. Жасаса өз баласы үчүн кылат. Күйөөңүздүн алимент төлөөдөн башка жардам көрсөтүүгө мүмкүнчүлүгү жок болсо, анда кийим алып бербей деле койсо болот.