Кантип башка университетке которулсам болот?
2019.09.09, 13:43
2411
Мен быйыл 3-курс болдум. Кыргыз филология факультетинде окуйм. Ушул эле адистик боюнча окуумду башка университеттен улантсамбы дедим эле. Кантип которулсам болот? Өзүм контрактык негизде окуйм.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
09.09.2019, 13:44
КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы
Саламатсызбы! Башка окуу жайга которулуу боюнча сурооңузду окуп жаткан университетиңиздин ректораты аркылуу чечесиз. Ал жакта учурда окуп жаткан жана которулчу окуу жайдын предметтерин салыштырып, ортосунда айырмачылык жокпу карап, эмне кылуу керектигин айтып беришет. Окууңузга ийгилик!
0
Пайдалуу жооп