Сот жубайлардын бирөөсү макул болбосо да ажыраштырып коебу?
2019.09.03, 09:59
1547
Мен аялымды жакшы көрөм. Бирок, ортобузда бала жок. Аялым ажырашам дейт, мен макул эмесмин. Мен каршы болсом да, ал сотко кайрылса, ажыраштырып коебу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
03.09.2019, 10:05
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман, иш сотко жетсе, анда сот дароо эле сиздерди ажыраштырып койбойт. Эгер сиз ажырашууга макул болбосоңуз, сиздерге жарашуу үчүн үч айга чейин мөөнөт берилиши мүмкүн. Бул аралыкта сиз жарашууга аракет кылып көрүңүз, болбосо сот бул мөөнөт аяктаган соң ажыраштыруу чечимин кабыл алуусу мүмкүн.
0
Пайдалуу жооп