Алимент өндүрөөрдө боюмдагы бала да эсепке алынабы?
2019.08.29, 16:59
794
Төрт балама алимент талап кылсам, бирок жолдошум эч жерде иштебесе кандай болуп калат? Боюмдагы бала да эске алынабы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
29.08.2019, 17:00
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Окурман, алиментке арыз тапшырсаңыз күйөөңүздүн тапкан акчасынын жарымын өндүрүү боюнча сот буйрук чыгарып берет. Үч баладан жогору болгондо тапкан акчасынын жарымы берилет.
Жолдошуңуз эч жерде иштебесе деле, бүгүнкү күндө жашап жаткан аймагындагы орточо айлык акы эсеби боюнча төлөйт. Мисалы, орточо айлык 10 миң сом болсо, жарымын берет.
0
Пайдалуу жооп