Насыя төлөй албай калса сотко бериптир, башка өлкөгө чыга албайбы?
2019.08.29, 15:35
797
Бир айдын насыясын төлөбөй калсак, жолдошумду сотко берип салышыптыр. Россияга чыга алабызбы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
29.08.2019, 15:37
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Окурман, жолдошуңуздун иши сот аткаруучулардабы?
Иш сот аткаруучуларда эмес болсо, Россияга чыгып кете алат. Башка өлкөгө чыгып кетүүгө сот же сот аткаруучулар гана чектөө кое алат. Башка жака чыгып кетүүгө чектөө салынса жолдошуңузга сот же сот аткаруучулар тарабынан билдирүү жөнөтүлмөк. Эгер билдирүү алган эмес болсо, мыйзам боюнча чектөө салынган жок деп эсептелет.
0
Пайдалуу жооп