Жетекчим мага кирешесин жашыртат. Айтканын жасап күнөө кылып жатамбы?
2019.08.28, 11:33
1169
Саламатсызбы! Мен кафеде кассир болуп иштейм. Күнүмдүк сооданы атайын салык кызматынын аппаратына (ККМ) киргизүү керек. Ал аппарат аркылуу салык кызматы канча салык түшөөрүн көзөмөлгө алып турушат. Бирок күнүмдүк сооданын аз гана бөлүгүн киргизип, көп бөлүгү кирбейт. Кафенин жетекчиси ошондой тапшырма берген. Бул күнөөбү жана мен эмне кылышым керек?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
28.08.2019, 11:38
Кадыр Маликов
Теолог
Албетте, динибиз калп айтууга тыюу салат. Сизде башка жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү бар болсо, аны тезирээк пайдалангыныңыз жакшы. Эгер жок болсо, анда убактылуу ал жерде иштеп турууга аргасыз болосуз. Бирок, тезирээк бир чечим издеп табыңыз: абалды өзгөртүү же жаңы жумуш издөө.
0
Пайдалуу жооп