Досума насыя алып бергем, ал төлөбөй жатат. Эмне кылам?
2019.08.26, 18:23
1020
Досума насыя алып бергем, ал төлөбөй жатат. Сотко кайрыла аламбы? Күбөлөрүм бар.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
26.08.2019, 18:24
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Келишим сиз жана банктын ортосунда түзүлгөн. Демек банкка сиз карызсыз. Акчаны досуңузга бергенсиз, досуңуз болсо сизге карыз. Сотко берип акчаны өндүрүп алсаңыз болот. Бирок ошол өндүрө турган акчанын канча бир пайызын мамилекетке алым катары төлөйсүз.
Кыргыз Республикасынын жарандык процесстик кодексинин 138-беренесинде доо арыз берүүнүн тартиби бар. Ошол берене менен бул жактан таанышып чыксаңыз болот.
Андан соң арыз менен досуңуз кайсыл аймакта жашаса ошол жака кайрыласыз. Эң башкысы досуңуздун карыз экенин далилдешиңиз керек.
0
Пайдалуу жооп