// //

Соттолгонумду жойдурсам болобу? Юрист жооп берет

2019.08.26, 18:09
1454

Мурда эки жолу соттолгом. Азыр окуу жайда окуйм. Соттолгонумду жойдурсам болобу?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
26.08.2019, 18:09

Нурислам Раимжанов

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи

Албетте болот. Соттолгон деген статус белгилүү бир убакыттын өтүүшү менен же соттук тартипте, оор жана анча оор эмес кылмыштар жоюлат. Кылмыштын түрүнө жараша мөөнөтү бар. Эгер анча оор эмес кылмыш кылсаңыз 3 жылдан кийин жоюлат.

Сиз кылмыштын кайсы түрү жана кайсы берене менен соттолдуңуз эле? Толук жазсаңыз мыйзамга шилтеме берип жооп бермекмин. Мисалы, шарттуу түрдө соттолсоңуз шарттуу мөөнөт бүткөндөн кийин жоюлат же админстративдик салык төлөнгөндөн кийин жоюлат деген түшүнүктөр бар.

КРнын жазык кодексинин 94- беренесинде төмөнкүдөй:

Соттолгондук жана аны жоюу

  1. Кылмыш жасаган адам жазаны өтөгөндөн кийин соттолгондугу жок, ал эми соттолгондугу жоюлган деп төмөнкүдөй мезгил өткөндө эсептелинет:

1) үч жыл - анча оор эмес кылмыш үчүн соттолгон учурда;

2) жети жыл - оор кылмыш үчүн соттолгон учурда;

3) он беш жыл - өзгөчө оор кылмыш үчүн соттолгон учурда.

  1. Адам жазадан же аны өтөөдөн бошотулган учурда, соттолгондук жазадан же аны өтөөдөн толук бошотулган күнү, же болбосо пробациялык же сыноо мөөнөтү ийгиликтүү аякталган күнү жоюлат.
  2. Соттолгондордун жана соттолгондугу жоюлган адамдардын реестри мыйзамда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
  3. Соттолгондукту жоюу кылмыш жасоонун бардык жазык-укуктук кесепеттерин жоёт.
0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт