Баланы 1-класска киргизүү үчүн акча берүү мыйзамдуубу?
2019.08.23, 16:23
1031
Саламатсызбы! Баланы 1-класска киргизүү үчүн көп мектептер акча алышат деп айтышат. Сурайын дегеним, КРнын мыйзамында акча берүү керек деп жазылганбы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
23.08.2019, 16:24
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман, мыйзамда 1-класска баланы киргизүү үчүн акча берүү керек деген талап жок. Анткени Кыргыз Республикасынын Конститутциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 9-пунктуна ылайык, мамлекеттик билим берүү уюмдарында негизги жалпы жана орто жалпы билимди акысыз алуу укугу эч чектелгис укук болуп эсептелинет. Ошондуктан, сиз балаңызды 1-класска кабыл алуусу үчүн эч кимге акча берүүгө милдеттүү эмессиз.
0
Пайдалуу жооп