Кошунабыз жерибизди сатып жибериптир. Юристтен жооп
2019.08.22, 11:57
1100
Кайын энем 1992-жылы үй сатып алган экен. Кошунабыз биздин жерибиздин теңин (сарай жагыбызды) кызыл китебине жаздырып алып, сатып жибериптир. Жаңы кошунабыз болсо жерди талашып жатат. Биз болсо 1 жыл 3 айдан бери кызыл китеп жасата албай жүрөбүз. Эмне кылсак болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
22.08.2019, 12:06
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Кайын энеңиз 1992-жылы жерди кандай документтердин негизинде сатып алган? Тиешелүү документтерде кайын энеңизге канча сотых жер тиешелүү болгон? Биринчи кезекте буларды тактап, жер боюнча түшүнүгү бар тишелүү адистерге көрсөтүү керек.
Ал эми мен сиздеги документтерди көрбөй туруп, эмне кылыш керек экенин айтып, кеңеш бере албайм.
0
Пайдалуу жооп