"Нулевой" классты окубаган бала 1-класска кабыл алынабы?

2019.08.21, 10:07
391

Саламатсызбы! Балам 7ге чыкканда дароо эле 1-класска берсем болобу? Же сөзсүз түрдө "нулевой" класста окуп, мектепке чейин даярдыктан өтүшү керекпи? 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
21.08.2019, 10:08

КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы

Саламатсызбы! Мектепке чейинки даярдыктан өтпөгөн бала 1-класска кабыл алына берет, эч кандай чектөө коюлбайт. Мектеп же мугалим "нулевой" класста окубаптыр деп кабыл албай койгонго укугу жок. Эгер жүйөлүү бир себептерден улам балаңызды мектепке чейинки даярдыктан өткөрө албай калсаңыз, эч кабатыр болбой 1-класска киргизе берсеңиз болот. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт