Намаз окуп жатсам, кичине балам үстүмө чыгып алат. Намазым бузулбайбы?
2019.08.20, 14:01
2102
Саламатсызбы! Менин кичинекей үч балам бар. Намаз окуп жатканда, ортончу балам саждага жыгылаарда үстүмө чыгып алат, жай намазды жыйнап салат. Намазым бузулуп калбайбы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
20.08.2019, 14:03
Кадыр Маликов
Теолог
Кичинекей балдар намазды бузбайт. Эгер намаз учурунда алар кандайдыр бир тоскоолдуктарды жасаса, окуган намаз кабыл алына берет, бузулбайт. Концентрация үчүн, тактап айтканда оюңуз бөлүнүп калбасын десеңиз, тынч бир бөлмөгө кирип алып окусаңыз жакшы болот. Бирок, дагы бир ирет айтып кетейин, кичинекей балдар намазды бузбайт.
0
Пайдалуу жооп