Кыргыз Улуттук Университетинен БГУга кантип которулсам болот?
Саламатсызбы! Мен бул жылдын бүтүрүүчүсүмүн, контракт төлөөгө шарт болбой, Кыргыз Улуттук Университетинин социалдык кызматкер бөлүмүнө тапшыргам. Өзүм БГУ же Кыргыз-Орус Славян университетинин психолог адистигине окугум келген. Азыр менде контракт төлөөгө мүмкүнчүлүк пайда болду. Кантип БГУ же Славянга которулсам болот? КУУда бюджетте окуйм, которулуп жатканда контрактын канча пайызын төлөйм?
КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы
Саламатсызбы! Сиздин көйгөйдү учурда окуп жаткан университетиңиз чечип берет. КУУнун деканатына кайрылып, жагдайыңызды түшүндүрүңүз. Эгер которула турган болсоңуз, алар окуу планын карап чыгып, предметтердеги айырмачылыктарды аныктап беришет. Контракт төлөө маселесин да, ортоңордо түзүлгөн келишимге карап, ЖОЖ карайт. Окууңузга ийгилик!