Аялым балдарымды балдар үйүнө берип салыптыр, кантип алсам болот?
2019.08.20, 10:37
1245
Менин суроом мындай, ажырашкам 2 уулум бар, алимент төлөйм. Бирок, биринчи аялым балдарымды балдар үйүнө берип салыптыр, кантип алсам болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
20.08.2019, 10:39
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Албетте аялыңыздын кылганы туура эмес. Алимент балдарга берилчү акча, аялга эмес.
Аталык укутан ажыратылган эмессизби? Мындай болбосо балдарыңыздын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн жана паспортуңузду алып алып балдар үйүнө барасыз, алар балдарыңызды берет. Мыйзам боюнча балдардын атасы экениңизди тастыктасаңыз, балдарды бербей кое алышпайт.
Эгер берүүдөн баш тартса Bilesinbi.kg аркылуу мага кайрылсаңыз мен жардам берүүгө даярмын.
Ийгилик!
0
Пайдалуу жооп