// //

Кызымдын тырмактары түшүп калып жатат, эмне кылыш керек?

2019.08.19, 15:01
754

Эки жаштагы кызымдын бутунун тырмактары терисинен ажырап түшүп калып жатат. Эмне себептен мындай, түшүндүрүп бериңизчи? Эмне кылышым керек?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
19.08.2019, 15:02

Бакыт Курманалиева

“Эркай” клиникасынын адиси, дерматолог

Урматтуу окурман, тырмактардын түшүшүнүн себептери түрдүү болушу мүмкүн. Мисалы:

  • катуу уруп, кыпчып, же чалынгандан;
  • козу карын (грибковая) инфекциясын жугузгандан;
  • гиповитаминоз, А тобундагы витаминдердин, цинктин, же микроэлементтердин жетишсиздигинен болушу мүмкүн.

Баланы дерматологго көрсөтүп, төмөнкү анализдерди тапшыруу зарыл:

  1. козу карын инфекциясын аныктоо үчүн кырынды (соскоб) тапшыруу
  2. мите курттар, гелминттердин бар жогун аныктоо үчүн анализ тапшыруу

Кызыңыздын ден соолугу бек болсун!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт