Кызымдын тырмактары түшүп калып жатат, эмне кылыш керек?
2019.08.19, 15:01
886
Эки жаштагы кызымдын бутунун тырмактары терисинен ажырап түшүп калып жатат. Эмне себептен мындай, түшүндүрүп бериңизчи? Эмне кылышым керек?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
19.08.2019, 15:02
Бакыт Курманалиева
“Эркай” клиникасынын адиси, дерматолог
Урматтуу окурман, тырмактардын түшүшүнүн себептери түрдүү болушу мүмкүн. Мисалы:
- катуу уруп, кыпчып, же чалынгандан;
- козу карын (грибковая) инфекциясын жугузгандан;
- гиповитаминоз, А тобундагы витаминдердин, цинктин, же микроэлементтердин жетишсиздигинен болушу мүмкүн.
Баланы дерматологго көрсөтүп, төмөнкү анализдерди тапшыруу зарыл:
- козу карын инфекциясын аныктоо үчүн кырынды (соскоб) тапшыруу
- мите курттар, гелминттердин бар жогун аныктоо үчүн анализ тапшыруу
Кызыңыздын ден соолугу бек болсун!
0
Пайдалуу жооп