Россиядабыз, балама паспортту кайын атам алып берсе болобу?
2019.08.19, 14:59
1104
Өзүбүз Росияда балабыз Кыргызстанда. Загранпаспорт алуу үчүн өзүбүздүн паспортторду берип жиберсек, кайын атам алып койсо болобу? Же өзүбүз барышыбыз керекпи?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
19.08.2019, 15:02
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинде баланын мыйзамдуу өкүлү ата-энеси деп көрсөтүлгөн. Эгер ата-энеси жок болсо кам көрүүнү жакын тууганы алышы мүмкүн. Мыйзам боюнча бала үчүн паспортту өзүңүз алышыңыз керек.
Эгер Россиядан балабызга паспорт алып, анын укуктарын көрсөтүп камсыз кылып бериңиз деп, ишеним кат жазып берип жиберсеңиз башка кеп. Бул жолду тандай турган болсоңуз “биз балабызга загранпаспорт алууга макулбуз” деген ишеним катты кошо берсеңиз туура болот.
0
Пайдалуу жооп