// //

Жездем апамдан жер доолап жатат. Эмне кылсак болот?

2019.08.16, 14:43
949

Мындан 10 жыл мурун апама бир эже келип, "жер алып берем, туугандарыңа айт 3 миң доллардан беришсин" дегенинен, апам сүйүнүп, эжемен акча алып берген. Ошол бойдон жерден дайын жок. Бул арада апам кыйналып кетти. Эжем күйөөсү менен кайын энесинен сөз уга берип куурап бүттү. Кийин жездем, "алган акчаны кайтарып бергиле",- деп, апамдардан 3 миң доллар алды. Ага кошумча, "жерди да алып бересиңер, ушунча жылдан бери пайызы өстү",- деди. Акчаны бердик, болду кутулдук десек да укпай жатат. Эмне кылсак болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
16.08.2019, 14:46

Нурислам Раимжанов

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи 

Саламатсызбы! Жездеңиздин жер доолаганга эч кандай укугу жок. Апаңыз алган акчасын кайтарып берсе болду.

Акчаны алып жатканда апаңыз жездеңиз менен эч кандай келишим түзгөн эмес, туурабы? Акчаны үстөк пайызы менен берчүдөй жездеңиз банк же ломбард эмес, ортолорунда “10 жылдан кийин кайтарып бербесең мындай кылабыз” деген жазуу түрүндөгү келишим да жок.

Андыктан, эч кандай жер алып бербей турганыңарды түшүндүргүлө. Апаңыз көп кабатыр болбой эле койсун, жездеңиз акчасын алгандан кийин, жер доолаганга укуктуу эмес.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт