Жыныс мүчө эмне себептен кыйшайып калат? Уролог жооп берет
2019.08.09, 10:05
2104
Саламатсызбы! Мен 22 жаштамын. Көйгөйүм жыныс мүчөм оңго карап ийри болуп өсүп калды. Кыздарга баргандан да уялам. Эмне кылсам болот? Түздөтүүгө кеч эмеспи?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
09.08.2019, 10:06
Нурлан Эгетаев
Уролог
Урматтуу жигит, сен үйлөнгөнгө чейин сөзсүз урологдун көзөмөлүнөн өт, болбосо, кийин жыныстык жашооңдо көйгөй жаралышы мүмкүн.
Жыныс мүчөнүн кыйшык болуп калышынын себептери көп, айрымдарына токтолсом:
- жаракат алуу;
- тубаса кемчилик;
- тукум куучулук;
- сезгенүү же кандайдыр бир оорулардын ж.б белгиси болушу мүмкүн.
Көрбөй туруп бир нерсе деш кыйын. Текшерүүнүн жыйынтыгына жараша дарыланасың.
0
Пайдалуу жооп