// //

Алименттин өлчөмүн көбөйтсө болобу? Юрист жооп берет

2019.08.06, 14:10
1389

Саламатсызбы! Мен 2 балама 2500 сом өлчөмүндө алимент алам. Күйөөм Россияда иштегендиктен улам, 2014-жылы Кыргызстандын орточо эмгек акысын чыгарып, ошонун негизинде 2 бала үчүн алимент кыркылган. Азыркы учурга чейин ошол суммада төлөнөт. 2019-жылдын орточо эмгек акысын тердирип сотко тапшырсам болобу? Себеби 2 балага 2500 сом жетпейт.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
06.08.2019, 14:11

Нурислам Раимжанов

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи 

Саламатсызбы! Бүгүнкү күндө бул абдан актуалдуу суроо. Алименттин өлчөмү кийинки жылдары көбөйүп турат. Мисалы, бул жылы 10 миң сом болсо, келаткан жылы 11 миң болуп калышы мүмкүн.

Ал үчүн сиз Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине кайрылып, жашап жаткан аймыгыңыздын орточо эмгек акысы канча сом экенин тактап, ал тууралуу маалымкат алып, сот аткаруучуга кайрыласыз. Эч кандай сотко баруунун кереги жок. Сот аткаруучу эки балаңыз үчүн орточо эмгек акынын үчтөн бирин алимент кылып өндүрүп бериши керек. Мисалы, орточо маянаны 12 миң деп эсептейли, анын үчтөн бирин алсак, 4 миң сомдон тиет.

Азыр балдарыңызга төлөнүп жаткан алименттин өлчөмү 2500 сом болсо, орточо айлык 7500 сом деп эсептелген болуп калат. Бул 7500 сом кайсы аймактыкы экенин тактоо зарыл. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт