Безеткиден калган тырыкты кантип кетирсе болот? Косметолог жооп берет
Саламатсызбы! Безеткиден калган тырык сыяктуу болгон тактарды келтирсе болобу? Терини өзүнүн калыбына келтирүү үчүн кантип азыктанып жана эмне кылуу керек?
Надира Бейшеева
Косметолог
Окурман, майлуу бет дайыма өзүнө мыкты кам көрүүнү талап кылат. Мындай беттерге кам көрүүдө майлуу эмес бетке сүйкөгөндө жагымдуу кремдерди, тазалоочу каражаттарды колдонуш керек. Майлуу бетти жакшыртуу үчүн бет майланышып сизге ыңгайсыздык жаратканда улам нымдуу салфетка менен тазалап, кургактап туруу кажет. Мындан тышкары майлуу бетке арналган маскаларды колдонсо болот.
Беттин майлуулугунан бетке тактар көп түшүп, ар кандай безеткилер чыгып, бет бузулуп, майланышып, чаңдарды жыйнайт. Анан сиз айткан тактар да көбөйөт.
Такты кетирүү үчүн диета кармаңыз, майлуу, ачуу, таттуу, куурулган тамактардан алысыраак болуңуз. Анан албетте териге туура кам көргөндү үйрөнүңүз (атайын косметикалык каражаттар менен). Тактардан арылуу үчүн косметологго кайрылганыңыз туура болот.