Баламды атасынын уруксаты жок Россияга алып кетсем болобу?
Саламатсызбы! Балам 2 жашка толду. 9 айынан бери күйөөм менен чогуу жашабайбыз. Эми минтип чоңоюп калганда талашып жатат. Баламды Россияга алып кетсемби дегем. Атасынын ишеним каты жок чет жакка кантип алып чыксам болот?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Саламатсызбы! Баланы атасынын уруксаты жок чет жакка алып чыгуу кетүү мүмкүн эмес. Сөзсүз түрдө атасынан ишеним кат жаздырып алуу керек.
Алып чыгып кетүүгө баланын атасы уруксат бербесе, анда баланын жашаган жерин такай апасы менен жашайт деп тандоо же атасын аталык укуктан ажыратуу зарыл. Ошондо гана бала апасынын толук кароосуна өтөт.
Бүгүнкү күндө, Үй-бүлө Кодексине ылайык, атанын балага болгон укугу бар. Мисалы, атасы баланын Россияга чыгып кетишенен кандайдыр бир коркунучтарды көрүп, ишеним кат жазып берүүдөн баш тартып коюуга укугу бар. Эч ким аны мажбурлап жаздыра албайт. Ошондуктан, атасы менен сүйлөшүп, келишкенге аракет кылып көрүңүз. Болбосо, аталык укуктан ажыратуу боюнча сотко кайрылуу зарыл.