Россиядан документтеримди жоготтум. Эми эмне кылам?
2019.08.05, 09:38
1057
Россиядан сумкамды жоготтум. Ал жакта баардык документтерим бар болчу. Эми кантип документ алам? Кыргызстанга барып жасатамбы же бул жактан элеби?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
05.08.2019, 09:43
Мамлекеттик каттоо кызматы
Эгерде сиз чет өлкөдө жүрүп, документтериңизди жоготуп алсаңыз, ошол мамлекеттин аймагында жайгашкан Кыргыз Республикасынын элчилигине кайрылсаңыз болот. Бирок ал жерден чет өлкөгө чыгуу паспортторду гана документтештире аласыз. Эгерде ID паспортуңузду жоготуп алсаңыз, анда Кыргызстанга келгенде мамлкеттик каттоо кызматына кайрылып, кайрадан жасатасыз.
0
Пайдалуу жооп