Байкем инимдин үйүн талашып жатат. Эмне кылсам болот?
Апам менен атам бири-биринин экинчи турмушу. Мен жана инимдин ата-энебиз бир. Атам тараптан 6 байкем, 2 эжем бар. Атам ал балдарынын баарына үй салып берген. Алар небере көрүп калышкан чоң адамдар. Ата-энем колунда 1994-жылкы бир тууган иним калган. Мен 1992-жылкымын, турмушка чыккам.
Атам 2 жыл мурун каза болуп калды. Үйдү чоң балдарым талашпасын деген максатта, биз кичине кезде эле инимдин атына каттап койгон. Иним үйлөнө элек. Үйдү оңдоп түзөп, үйлөнгөнгө акча кылам деп Орусияга иштегени келген. Апам Кыргызстанда. Апамдын биринчи турмушунан эжем бар, чогуу турушат.
Эми минтип 2 жыл өткөндөн кийин, атамдын балдары үйдү талашып жатышат. Төртүнчү байкемдин үйү биздикине караганда кичинекей. Эми ошол байкем, "үйүбүздү алмашабыз же жерди 2 ге бөлүп, иниме кичирейтип беребиз",-деп жатат. Себеби өзүнүн баласына там салмак экен.
Үй иним атында. Иним атындагы үйдү өздөрүнүн үйүнө алмашканга же экиге бөлүп өзүнүн баласына там салып бергенге алардын укугу барбы? Кандай чара колдонсок болот? Менин ортого түшкөнгө укугум барбы?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман, үй иниңиздин атына катталган болсо, анда ал үй иниңиздин жеке менчиги болуп эсептелинет.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 12-беренесинин 2-бөлүгүндө “Менчик кол тийгис. Эч ким өзүм билемдик менен мүлкүнөн ажыратылышы мүмкүн эмес” деп көрсөтүлгөн.
Эгер, байкеңер үйдү талашса, анда өз укугуңарды коргоого туура келет. Иниңиздин атынан ишеним кат алып, сиз иниңиздин укуктарын коргосоңуз болот.